Кадырлуу калайык калкым!
12-13-декабрь күндөрү Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, жазгыч акын, бабабыз Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди. Иш-чараны КР Президенти Садыр Жапаров Молдо Нияз бабабыздын эстелигин ачуу менен баштап, КР Эл Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик Абдыганы Эркебаев, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана бир топ коноктор катышышты.
Мааракенин алкагында XIX кылымда Молдо Нияз бабабыз ачкан алгачкы мектеп үңкүрү (музейи) оңдоп түзөөдөн соң элге эшигин ачты. Ошону менен бирге бабабыздын өрнөктүү өмүр жолу чагылдырылган кинотасма көрсөтүлүп, залкар сүрөтчүлөр тарткан сүрөттөр көргөзмөсү уюштурулду.
Мааракенин экинчи күнү улуттук ат оюндар менен коштолуп, Көтөрмө айыл өкмөтүндө аламан улак жана ат чабыш уюштурулду. «Аздек дүйнө» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан аламан улактын жана ат чабыштын жеңүүчүлөрүнө баш байге катары 3 темир тулпар жана баалуу соорундар ыйгарылып, кыргыздын улуттук ат оюндары жогорку деңгээлде өттү.
«Молдо Нияз бабабыздын бизге калтырган ыйык мурастарын баалап-барктап жана аны сактоо, ошону менен бул бийик эмгектерди келечек муунга жеткирүү биздин негизги милдетибиз болмокчу. Тарыхыбызды барктай билсек, келечегибиз жаркын болот!».